Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Перл-Харборго барды

Бул соңку он жылдын ичиндеги жапон премьер-министринин Перл-Харборго жасаган алгачкы сапары.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ бүгүн Гавайиге барды. Жапон премьери АКШнын президенти Барак Обама менен биргеликте Перл-Харбор деңиз-аскерий базасында болмокчу. Бул соңку он жылдын ичиндеги жапон премьер-министринин Перл-Харборго жасаган алгачкы сапары. Мында 75 жыл мурда жапон аскерлеринин Перл-Харборго күтүүсүз кол салуусу АКШнын Экинчи дүйнөлүк согушка катышуусуна түрткү болгон.

Синдзо Абэ 1941-жылдын 7-декабрында жасалган чабуул үчүн кечирим сурашы күтүлбөгөнү менен, жапон өкмөт башчысы журналисттерге “ ал окуяда курман болгондорду Жапониянын премьер-министри, жапон элинин өкүлү катары эскерерин” билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Обама 1945-жылы АКШ тарабынан атом бомбасы ташталган Хиросима шаарына барган.

Расмий Вашингтон декабрь айынын башында Барак Обама менен Синдзо Абэнин Перл-Харбордогу жолугушуусу “мурдагы каршылаштарды жакын өнөктөштөргө айланткан” элдешүүнүн ишарасы болуп каларын билдирген.