Сочиде кыйраган учактын “кара кутусу” табылды

Ту-154 учагы 25-декабрдын таңында Кара деңизге кулап түшкөн.

Сочиден учуп баратып Кара деңизге кулап түшкөн учактын “кара кутусу” табылды. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады. Аталган министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, “кара куту” жабыркаган эмес жана ал иликтөөчү борборго жөнөтүлдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, кара куту жээктен 1600 метр алыстыкта табылган.

Эки күндүк издеп-куткаруу операциясынын учурунда 12 адамдын сөөгү жана 150дөй дененин бөлүктөрү табылган. Ошондой эле учактын да калдыктары, кыймылдаткычы жана фюзелажы табылганы айтылды.

Коргоо министрлигине караштуу Ту-154 учагы Сочиде 25-декабрда кулап түшкөн. Бортундагы 92 адамдын баары набыт болгон. Алардын арасында Александров атындагы ыр-бий ансамбилинин артисттери, маалымат каражаттарынын тогуз өкүлү жана “Доктор Лиза” деген лакап ысым менен таанымал “Адилеттүү жардам” фондунун жетекчиси Елизавета Глинка да болгон.

Ту-154 учагы Москванын Чкаловский аэродромунун Сириянын Латакия шаарына бараткан. Ал Сочидеги Адлер аэропортуна май куюп алуу үчүн токтогон.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы кулаган учакта “террордук акт болушу мүмкүн деген божомолду ырастоочу эч кандай белгилер жана далилдер жоктугун” айтты.