Нарындагы кар айкелдер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын шаарынын тургуну Адилет Кутбидин уулу бул жылы кардан жети айкел жасады.​ ​Анын арасында манасчы Саякбай Каралаевдин да келбети бар. Адилет бул өнөрүн беш жыл мурда баштаган. 2015-жылы кой жылында кулжанын, 2016-жылы маймылдын айкелин кардан тоңдуруп​ Н​арын шаарынын борбордук аянтына койгон. Бул жылы тоок, коен, аюу, илбирс сыяктуу жомок​ ​каармандарын элдин астына алып чыгып отурат.