Иран америкалык “Боинг” компаниясынан сатып алчу 80 учак баасынын жарымын гана төлөйт. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик ИРНА агенттиги өлкөнүн транспорт министринин орун басары Асгар Фахрейх Кашанга шилтеме берип жазып чыкты. Ал Иран өкмөтү келишимде көрсөтүлгөн 16 миллиард доллардын жарымын америкалык компанияга которорун билдирген.
- “Боинг” компаниясы IranAir менен 16,6 миллиард долларга келишим түзгөнүн жарыялаган эле. Бирок биздин буюртманын мүнөзүн жана тандап алуу мүмкүнчүлүгүн карап, 80 учакты сатып алуунун баасы бул сумманын жарымын түзөт,- деп билдирген Кашани.
Бул боюнча “Боинг” компаниясы эч кандай комментарий бере элек.
11-декабрда Ирандын мамлекеттик аба компаниясы “Боингден” 80 учак сатып алары белгилүү болгон. Учактар он жылдын ичинде Иранга жеткирилет. Маалыматты “Боинг” компаниясы да ырастады.
Макулдашуу АКШнын Каржы министрлиги жазында аталган компанияга жана европалык “Airbus” фирмасына Иранга миллиарддаган долларга учактарды сатууга уруксат бергенден кийин ишке ашты.