Чилинин түштүгүндө 25-декабрдагы 7,7 баллга жеткен жер титирөөдөн улам цунами коркунучу пайда болду. Анын очогу Пуэрто-Монт шаарынан 225 чакырым алыстыкта жайгашкан. Курмандыктар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшө элек.
Зилзаладан улам өлкө түштүгүндө 20 миңден ашуун адам электр жарыгысыз калганы кабарланууда.