Германиянын түштүгүндөгү Аугсбург шаарында Экинчи Дүйнөлүк согуш маалынан калган бомба табылганына байланыштуу 25-декабрда 54 миң адам башка жерге убактылуу көчүрүлдү.
Британиялык аскер күчтөрүнө тиешелүү салмагы дээрлик эки тонналык бомба 1944-жылкы чабуулда шаарга ташталганы маалым болду. Бомбаны зыянсыздандыруу операциясы беш саатка созулушу мүмкүн экенин полиция билдирди. Учурда шаарга 900дөй полиция кызматкерлери тартылды. Бомба 20-декабрда табылган.