Өзбекстан темир жол долбоорун колдоду

Өзбекстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кыргыз тараптын позициясын колдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, кыргыз-өзбек президенттери Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев Самарканддагы жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде аймактык долбоорлорду талкуулады. Өзбек тарап аталган темир жол долбоорун кубаттады.

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга иш сапар менен 24-декабрда барган. Сапардын жүрүшүндө ал Ислам Каримовдун бейитине гүл коюп, куран окутту. Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу кызматташтыкты жана чечүүгө муктаж маселелерди да ортого салды. (NT)