Орусиялык банкирлер АКШ санкциясына илинди

Иллюстрация

АКШнын санкциясына бул ирет жүздөгөн адамдын өмүрүн алган Сириядагы согуштук аракеттерге катышы бар деген орусиялык банкирлер менен сириялык министрлер илинди.

Ага Москвадагы "Темпбанктын" башкармалыгынын тогуз өкүлү, Сириянын өнөр жай, коммуникация жана технология, мунай жана минералдык ресурстар, каржы, транспорт, маалымат министрлери, Борбордук банктын төрагасы кирди.

Мындан тышкары Сирия менен байланышы бар беш компания "кара тизмеге" кошулду. Аларга визалык жана каржылык чектөө коюлду.