Кыргыз-түрк президенттери бири-бирин куттуктады

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана президент Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы дипломатиялык алаканын 25 жылдыгына байланыштуу эки өлкө президенттери бири-бирине куттуктоо катын жолдошту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Алмазбек Атамбаевдин катында өткөн чейрек кылым ичинде кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө олуттуу натыйжаларга жетишилгени жазылган.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган эки элдин тарыхый достугу жана тилектештиги ар тараптуу кызматташтыктын ишенимдүү негизи болуп келгенин жана мындан ары да ошондой боло берерин белгилеген.

«Жакынкы келечекте өз ара мамилелер эки тарапка тең пайдалуу негизде өнүгүп жана тереңдей берерине ишенем» деп айтылат анда.

Кыргыз-түрк дипломатиялык кызматташтыгына 23-декабрда 25 жыл толду. (NT)