Таласта төө буурчак ордуна алма өстүрүү сунушталды

ЖИА бизнес ассоциациясынын Таластагы өкүлчүлүгү «Багбанчылык Талас облусунун экономикасын өнүктүрүүдөгү алдыңкы тармактардын бири» деп аталган иш-чара уюштурду.

Анда дыйкандарга алманы туура тигип, мол түшүм алуунун жолдору айтылды. Маалыматка караганда, Таласта жылдан-жылга төө буурчактын сапаты начар болуп, андан түшкөн киреше азайып баратат.

Мындан улам дыйкандарга алманы көбүрөөк өстүрүү сунушталып, бул максатта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя алуу мерчемделип жатканын облустун айыл чарба бөлүмүнөн билдиришти.

Таласта жалпысынан 3 миң 90 гектар жерге мөмө-жемиш тигилет. Анын ичинен быйыл 600 тонна тегерегиндеги алма экспорттолду. Кыргызстандан чыккан алмага негизинен Казакстан менен Орусиянын айрым шаарларында суроо-талап күч. Учурда таза алма Таластын базарларында 50-70 сомдун тегерегинде сатылып жатат. (AlS)