Берлиндеги кол салуу үчүн шектүү Европа боюнча изделүүдө

Канцлер Ангела Меркел баш болгон немис лидерлери Берлиндеги кол салуунун курмандыктарын эскерип жатышат. Берлин, 20-декабрь, 2016-жыл.

Бул тууралуу Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер билдирди. Немис министри шектүүнүн ким экендиги тууралуу айтуу азырынча эртелик кылат, бирок куралданган жана коркунучтуу деп кошумчалады:

-Жашаган жерине (шектүүнүн) байланыштуу биз маалыматтардын баарын жыйнап, толук иликтөө жүргүзүп жатабыз. Андыктан, мен силерден бул адам боюнча медиадагы божомолдорду ырастап же төгүндөй албашымды туура түшүнүүңөрдү суранам, - деди Германиянын ички иштер министри шаршемби күнү Берлиндеги басма сөз жыйында.

Мунун алдында ушул эле күнү немистердин Welt жана Der Spigel басылмалары шектүү теги боюнча тунисттик жигит экенин, Германияга быйыл жыл башында качкын катары келгенин күбөлөндүргөн кагаздар жүк тарткан унаанын кабинасынан табылганын кабарлашкан.

Берлинде Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоо алдындагы базарды жүк тарткан унаанын сүзүүсүнөн 12 адам өлүп, 50дөй киши жаракат алган эле.

19-декабрдын кечиндеги окуядан соң полиция пакистандык 23 жаштагы мигрант жигитти кармаган.

Бирок, анын кол салууга катышканы боюна эч бир далил табылбаганына байланыштуу кайра бошотту.

20-декабрда болсо “Ислам мамлекети” тобу Берлиндеги чабуулга ал шыккак бергенин жана анын “жоокери” жасаганын айтып чыкты.

2015-жылы өлкөсүнө 900 миңдей качкынды киргизгени үчүн катуу сынга кабылган канцлер Ангела Меркел эгер немис борборундагы кол салууну качкын маккамын алган же алууну көздөгөн адам аткараганы ырасталса “баарыбыз үчүн кыйын” жагдай жаралат деп белгилеген. (UE)