РАЖ Бишкек шаардык кеңешке келчү мүчөлөрдүн тизмесин өзгөрттү

"Республика-Ата Журттун" үгүтчүлөрү

“Республика-Ата Журт” партиясы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келчү мүчөлөрдүн тизмесин өзгөрттү. Аталган партия 11-декабрдагы шайлоодо 12 мандатка ээ болгон. Аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алгач сунушталган тизменин башындагы 12 адамдын үчөө гана калып, башкалары баары алмашты.

Муруңку тизме:

1.Канатбек Мидин уулу

2.Алексей Петрушовский

3.Гүлнара Молдобаева (жаңы тизмеге кирген)

4.Канатбек Музуралиев (жаңы тизмеге кирген)​

5.Толкунбек Исаков

6.Лейла Лурова

7.Казыбек Эргешов

8.Эрмек Ниязов

9.Элүбала Байбакбаева

10.Байсалбек Эргешов (жаңы тизмеге кирген)​

11.Амир Абдилдаев

12.Назгүл Бейшеева

Азыркы тизме:

1.Канатбек Музуралиев

2.Гүлнара Молдобаева

3.Анатолий Горбунов

4.Бакытбек Абдиев

5.Мийзамидин Калыков

6.Байсалбек Эргешов

7.Жусупбек Коргонбай уулу

8.Асылбек Кадралиев

9.Элмир Досалиев

10.Алымбек Бактыбеков.

11.Темирлан Токобеков

12.Алмаз Шананов

Азырынча аталган партия бул өзгөрүүнүн себептерин түшүндүрө элек. Аймактык шайлоо комиссиясы мында мыйзам бузуу жоктугун, тизмени алмаштырууга партия акылуу экенин билдирди.

Маалыматка караганда, "Республика - Ата Журттан" тышкары, шаардык кеңешке келген "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" партияларынын тизмесинде өзгөртүүлөр бар.

Шаардык кеңешке КСДП, “Республика – Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиялары өтүшкөн. (SE)