Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын маалымдашынча, ГЭСтеги экинчи агрегаттын токтошуна май берчү кабелдердин бузугу себеп болгон. Азыр аларды алмаштыруу аракети жүрүүдө.
Кыргызстандагы эң ири Токтогул ГЭСинин бир агрегаты 15-декабрдан бери иштебей турат. Былтыр 23-декабрда да авария болуп, станция кыска мөөнөткө токтогон болчу. Ал кезде ушул эле кабелдин башка жери иштебей калып, агрегаттын иши үзгүлтүккө учураган. (RsK/NT)