Ала-Букада маркумду жерге берүү чатагы боюнча сот башталат

76 жаштагы аялдын сөөгүн жерге жашыруудагы ызы-чууга байланышкан ишти 22-декабрдан тарта Ала-Бука райондук соту териштире баштайт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесине ылайык Ала-Бука айылынын 3 тургунуна иш козголгон.

Быйыл 14-октябрда көз жумган Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары “башка динге өтүп кеткен баптист” деген негиз менен мусулмандардын мүрзөсүнө койдурган эмес. Жасатты кайра көрдөн казып салышып, ал христиандардын көрүстөнүнө коюлган. Бирок ал жердегилер да нааразылык билдирип, сөөктү чыгарып таштаган. Чуулгандуу ишке бийлик жана күч органдары аралашып, сөөк башка жерге жашырылган болчу. (RsK/NT)