Энергохолдинг: Токтогул ГЭСинде авария болгон жок

"Улуттук энергохолдинг" компаниясынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, Токтогул ГЭСинде авария болгон жок. Техникалык мүчүлүштүктөр кетти. Буга чейин ГЭСте авария болуп, кабель линиясы жарактан чыккандыгына байланыштуу, 16-декабрда бир агрегат токтоп калганы кабарланган.