Бул тууралуу 20-декабрда президент Алмазбек Атамбаев менен Индия премьер-министри Нарендра Модинин Делидеги жолугушуусунда айтылды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, Индия онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн бере турган медициналык жабдыктан баасы 1,5-2 млн АКШ долларына барабар. Жолугушууда тараптар эки мамлекеттин салттуу достук алакалары, байыртан келаткан маданий-тарыхый карым-катыштар байланыштырып турарын белгилешти.
Ошондой эле саясий диалогду, БУУ жана ШКУ алкагында өз ара байланыштарды чыӊдоо, соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртуу, айыл чарба, саламаттык сактоо, IT технологиялар, коопсуздук, коргонуу жана тоо-кен өнөр жай тармактарында кызматташууну макулдашты.
Атамбаев Индияга үч күндүк мамлекеттик сапар менен 18-декабрда барган. Анын жүрүшүндө бул өлкө президенти Пранаб Мукхержи менен да кезикти. Индия менен кызматташтык багытындагы 7 келишимге кол коюлду. (NT)