"Азаттык" мыкты радио деп табылды

Педагогикалык “Мугалим” журналы жыл мыктыларын аныктап, “Азаттык” радиосун билим тармагын жакшы чагылдырганы үчүн мыкты радио деп тапты. Бүгүн, 20-декабрда аталган журнал жыл жыйынтыгын чыгарган иш-чара өткөрүп, билим берүүгө салым кошкон мыктыларга сыйлык тапшырды.

“Мугалим” илимий-педагогикалык журналы 2014-жылдан баштап 2000 нуска менен айына бир жолу чыгат, өлкөдөгү бардык мектептерге таратылат. Журналга билим берүү тармагындагы жаңылыктар, мугалимдерге багыт жана көрсөтмө куралдар басылат. (TSh)