Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун өлтүрүлүшүн террордук акт деп сыпаттады. Бул тууралуу мамлекет башчынын Москвага жөнөтүлгөн көңүл айтуу катында айтылат.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Владимир Путиндин атына жазылган катта «Андрей Карловдун кыянаттык жана зөөкүрдүк менен куралдуу кол салуудан улам курман болгондугу тууралу кабарды кабыргам кайышуу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы мамлекеттин расмий өкүлүнө карата жасалган бул террордук актыны чечкиндүү айыптайт. Бул кылмыштын тез арада иликтенип жана күнөөкөрлөрдүн жазаланашы зарыл деп эсептейм”,- деп жазылган.
Андрей Карлов 19-декабрда Анкарада Орусияга арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп жаткан кезде киши колдуу болду. Аны 22 жаштагы полиция кызматкери атып салганын Түркия басылмалары кабарлашты. Ок аткан жаранды күч кызматкерлери жок кылган.
Окуя болгон кезде орус дипломатынын жанында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов да болгон. Ал жабыркаган жок.