Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани расмий сапар менен Кыргызстанга 22-декабрда келет. Ага чейин Арменияда жана Казакстанда болот.
Ирандын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, сапар алкагында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, аймактык жана эл аралык маанидеги маселелерди талкуулашат. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөр болот.
4-декабрда Кыргызстан менен Ирандын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев жана Мухаммед Зариф Индияда жолугуп, Хасан Роуханинин Бишкекке сапарын талкуулашкан. Сүйлөшүү Индияда “Азия жүрөгү” аталышындагы Стамбул процессине мүчө өлкөлөрдүн 6-конференциясынын алкагында өткөн эле.
Хасан Роухани буга чейин 2013-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген.
Алмазбек Атамбаев Тегеранга былтыр сентябрда расмий сапар жасаган. (SE)