Орусиянын Түркиядагы элчисине кол салуу болду

Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов.

Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго ок атылып, катуу жарадар болду. Ал ошол замат ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Anadolu агенттиги Карлов баш калаа Анкарада көргөзмөдө сүйлөп жаткан учурда ага белгисиз адам ок ачканын билдирди.

CNN Turk телеканалы да элчи сүрөт көргөзмөнүн ачылышына катышып жатканда жарадар болгонун кабарлады.