Алексеева: НТВнын журналисттери алдап интервью алышты

Людмила Алексеева

Белгилүү орус укук коргоочусу Людмила Алексеева Кремлдин саясатын колдогон НТВ телеканалы “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” атын колдонуп, андан интервью алып кетишкенин билдирди. Москвадагы Хельсинки тобунун 89 жаштагы жетекчиси Алексееванын айтымында, НТВ ал маектин үзүндүлөрүн мигранттарды сындоо үчүн колдонгон.

Алексеева НТВнын журналисттери ага эки жолу чалып жатып, интервью алууга көндүрүшкөнүн айтты. Интервьюдан кийин анын жардамчысы журналисттердин аппараттарынан каналдын логотибин көрүп калган.

НТВ телеканалы өз журналисттери укук коргоочуга кайсы медиа каражатынан келишкенин ачык айтканын билдирүүдө.