Украинанын эң чоң банкы улутташтырылат

"ПриватБанк"

Европа Биримдиги украин өкмөтүнүн өлкөдөгү эң чоң банкты улутташтыруу чечимин кубаттап чыкты. Уюмдун тышкы иштер министри Федерика Могерини муну чечкиндүү кадам жана реформалардын негизги бөлүгү деп атады.

“Бул кадам Украинадагы бардык банктарды бирдей эрежеге баш ийдирүүгө жардам берип, бул тармакты күчтөндүрөт. Ошондой эле бул аракет Евробиримдик сыяктуу Батыш өнөктөштөрү колдогон ири реформалардын маанилүү бөлүгү”,-деди Могерини.

Жекшемби күнү украин президенти Петро Порошенконун өкмөтү каржы кризисин алдын алуу үчүн “ПриватБанк” мамлекеттин эсебине өткөрүлөрүн билдирген. Бул банкты миллиардер жана мурдагы губернатор Игорь Коломойский негиздеген. Буга чейин аталган банк карыздан улам кыйынчылыкка туш болгону тууралуу айың-кептер тараган.