Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен башкалаадагы №1044 участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. БШКдан алынган маалыматка таянсак,11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум маалында аталган добушканада электрондук үкөк бузулуп, натыйжада биометриядан өтүп бюллетень алган шайлоочулар кезек күтүп калышкан. Байкоочулар, кары адамдар, кош бойлуу аялдар шайлоо комиссия мүчөлөрүнө нааразылык билдиришип, жергиликтүү шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү бюллетендерди картон үкөккө салууну чечкен.
БШК муну менен шайлоо комиссия мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан, мыйзам бузулган деген тыянакка келди. Ошондой эле байкоочулардан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына арыздар түшкөнүнө байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылды. (NT)