Бишкек-Ош жолунда жүк унааларына чектөө киргизилди

Ыңгайсыз аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош жолуна жүк унаалардын каттоосуна убактылуу чектөө киргизилди. Эреже 18-декабрда кечке жуук иштей баштаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кыргызстанда жекшембиден бери жамгыр жана кар жаап жатат.