Сирия калабасын жайгаруу боюнча сүйлөшүү Астанада өтөт

Президент Нурсултан Назарбаев.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Сирияда салгылашып жаткан тараптарды ымалага келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү Астана шаарында өткөрүүнү каалайт. Президенттин басма сөз кызматы тараткан кабарга ылайык, Орусия менен Түркия ортосундагы макулдашуу жыйынын өткөрүп берүүгө Казакстан даяр. Бул тууралуу Назарбаев Орусия жана Түркия президенттери менен телефондо сүйлөшкөн учурда айткан. Азырынча датасы анык эмес.

Москва менен Анкара Алепподо жайкын тургундарды эвакуация кылуу боюнча сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылууда. Ага карабай, элди тынч аймакка көчүрүү иштери оңой болбой, адамдарды ташыган автобустарга жасалган кол салуулардан улам гуманитардык миссия толук ишке ашпай келүүдө.