Жалал-Абад: шаар болгусу келген айылдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон айыл аймактарын шаар категориясына которуу сунушу өкмөткө жиберилди. Сунушта облустук маанидеги шаарга айлантууга калктын саны жана социалдык объекттердин жайгашуусу негиз берет деп айтылат. Бирок талдоочулар жоголуп бараткан шаарлардын жагдайын эске алганда азырынча макам берүү эртелик кыларын эскертишет.