Президент Атамбаев Индияга учуп кетти

Иш сапар учурунда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Индия президенти Пранаб Кумар Мукержи, вице-президент Мохаммад Хамид Ансари, премьер-министр Нарендра Моди менен жолугат жана кыргыз-индия бизнес форумуна катышат.

Мындан тышкары президенттин сапары алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Индиядан келгенден кийин президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейформал саммитине катышат.

Январдын башында президенттин Кытайга иш сапары белгиленген. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты. (ZKo)