Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

Силкинүүнүн күчү 5 баллды түздү. Бул тууралуу Сейсмологиялык институтка таянып, ӨКМ маалымдады. Ага ылайык, жер титирөө саат 11:25те Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунда, Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында байкалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча силкинүүдөн жапа чеккендер жок.

Жер титирөөнүн күчү Ош облусунун айрым райондорунда, Ош шаарында да байкалганы кабарланууда.(ZKo)