Клинтон шайлоодон жыдыганын Путинге байланыштырды

Хиллари Клинтон

Хиллари Клинтондун сөзү боюнча Орусия “америкалык демократияны жардыруу" максатында Демократиялык партияга киберчабуул жүргүзгөн. Клинтон орусиялык хакерлердин колунан келди деп айтылып жаткан чабуулдар АКШ жарандарына коркунуч туудурат деп белгиледи.

Президенттик шайлоонун алдында Демократиялык партиянын сервери бир нече жолу Кремлдин кызыкчылыгы менен бузулганы айтылган. Бул маалыматтар расмий түрдө ырастала элек.

15-декабрь күнү NBC News телеканалы өз булактарына таянып, АКШ президентин шайлоого Орусиянын президенти “жеке өзү кийлигишкен” деп жазды. Орусия бул маалыматты четке какты.