Церера карлик планетасынан муз табылды

Церера

Күн системасындагы эң кичинекей планета Церерада муз бар. Dawn зонду жиберген маалыматтардан америкалык окумуштуулар ушундай тыянак чыгарышты.

Аппарат 2015-жылы аталган планетанын орбитасына кирген. Церера астероиддер тилкесинде жайгашкан. Он жыл мурда астероид деп эле эсептелчү.

Сүрөттөн көрүнгөндөй, анын бетинде кратерлердин тактары бар. Анын айрымдары музга толгон дешет окумуштуулар. Мындан улам Церерада ири өлчөмдө суунун запасы бар деп болжоого болот.

НАСАнын илимпоздору планеталар аралык Dawn станциясын Церера менен Веста астероидин изилдөө үчүн 2007-жылы ишке киргизишкен.