Таш-Көмүр: шахта басып калган эки адамды куткаруу аракети уланууда

16-декабрда саат 12:05 чамасында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы шахтада көмүр кендин кыртышы урап түшүп, эки адамды басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, азыркы кезде куткаруучулар аларды чыгаруу аракетин көрүп жатышат.

Кыргызстанда жыл сайын өндүрүштө расмий катталган кырсыктардын саны жарым миңге чамалап, андан алтымыштан ашык адам көз жумат. Кырсыктардын көбү көмүр кендеринде орун алат.