Башкы прокуратура Дары-дармек департамент жетекчисин иштен алуу сунушун берди

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы.

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментиндеги коррупцияны жок кылуу боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбековго сунуш берди. Анда аталган департаменттин жетекчиси Рустам Курмановдун ээлеген кызматын карап көрүү жана коррупцияга катышы бар кызматкерлерди жоопко тартуу сунушталган.

Маалыматка караганда, быйыл жүргүзүлгөн текшерүүдө департаменттеги жемкордукка байланышкан он кылмыш иши козголгон. Мамлекет андан 22 миллион сомдон ашык материалдык зыян тарткан. Департамент дары саткандарга мыйзамсыз документ бергени, аны алгандар бажы жана кошумча нарк салыгынан бошотулганы, дары-дармектер боюнча туура эмес тизме түзгөнү кабарланды. Иликтөө уланууда. (NT)