Азербайжандын Каспийдеги мунай станциясында кырсык болду

Каспийдеги мунай станциялары

Азербайжандын SOCAR мамлекеттик компаниясы Каспий деңизиндеги мунай бургулоочу станциясынын бир бөлүгү кулап түшүп, андан бир жумушчу мерт болгонун кабарлады. Дагы тогуз адамдын дайыны чыкпай жатат.

Маалыматка ылайык, катуу шамалдан улам жумушчулар эс алып жаткан кабина сууга кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аман калгандарды издеп жатат.

2015-жылдын декабрь айында SOCAR компаниясынын Каспийдеги мунай станцияларынын биринде өрт чыккан. Мындан улам компаниянын коопсуздук эрежелери сынга алынган.