Германия ооган мигранттарын депортациялады

Европадагы ооган мигранттары

Германиядан башкалка таба албай калган ооганстандык мигранттар мекенине депортацияланды. 30 мигрантты салган чартердик учак Франкфурттан чыгып, 15-декабрда Кабулга конду. Бул октябрь айында ооган жана немис өкмөттөрү жетишкен келишимден кийинки алгачкы депортация болуп калды.

Германия өткөн жылы басымдуу бөлүгүн Сирия, Ирак жана Ооганстандын тургундары түзгөн 890 миң мигрант жана качкынды кабыл алган. Ошол эле учурда башпаанек берилбей турган мигранттарды өлкөдөн чыгаруу ишин да жанданткан.

2016-жылдын биринчи жарымында Германиядагы 12500 ооган жараны өлкөдөн чыгып кетүү буйругун алса, алардын 18и депортацияланган. Немис өкмөтү мигранттарды өз эрки менен мекенине кайтууга чакырып, андай чечим кабыл алгандарга акчалай жардам көрсөтөт.