Бишкекте активист орноткон жазуулар алынды

Жергиликтүү активист Атай Садыбакасов 14-декабрда көчөлөрдүн аты жазылган көрсөтмөлөрдү илген болчу.

Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, активисттер көчөлөргө илген жазуулар 15-декабрда алынды. Бугубаев муну бул жазуулардын мамлекеттик стандартка дал келбегени менен түшүндүрдү:

- Эреже боюнча жол белгилеринин жанына же анын тегерегине, артына кандайдыр бир жазуулар, көрсөтмөлөрдү орнотууга уруксат берилбейт. Ошонун негизинде "Бишкек асфальт сервис" ишканасына аларды алуу боюнча сунуш берилген. Бүгүн мэрия жана аталган ишкана кызматкерлери жазууларды алышты.

Жергиликтүү активист Атай Садыбакасов 14-декабрда башкалаадагы Токтогул-Логвиненко, Токтогул-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол белгилеринин жанына көчөлөрдүн аты жазылган көрсөтмөлөрдү илген болчу. (NT)