"Мегакомду" сатуу аукционуна арыз түшө элек

Бул тууралуу "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун башкы директору Азат Базаркулов маалымат жыйында билдирди. Анын айтышынча, аукционду Мамлекеттик мүлк фонду өткөрөт:

- Менин билишимче, 13-декабрдагы маалымат боюнча эч кандай арыз түшкөн жок.

Базаркулов кошумчалагандай, "Мегаком" компаниясын сатуу боюнча аукцион 16-сентябрда жарыяланган, документтерди кабыл алуу мөөнөтү 16-декабрда аяктайт. Алдыдагы эки күн аралыгында эч ким ишкананы сатып алууну каалабаса, аукцион кайра эле өткөн жок деп табылышы мүмкүн.

"Мегаком" деген бренд катары таанымал болгон «Альфа Телеком» компаниясы 14 млрд 255 млн 250 миң сомго бааланган. Акциянын 100 пайызы тең мамлекетке тиешелүү. Өкмөт аны сатуудан түшкөн каражат стратегиялык автожолдорду оңдоого, жол курууга сарптала турганын айтып келет. Бирок буга чейин жарыяланган сынактарга эч ким катышкан эмес.(NT)