Бүгүн Шавкат Мирзиёевдин кызматка кирүү аземи өтөт

Өзбекстандын парламенти – Олий Межлистин жогорку палатасы – Сенат 14-декабрда жаңы президенттин ант берүү аземин өткөрүү боюнча чечимди шейшембиде кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү булактар кабарлашты.

Шавкат Мирзиёев 4-декабрдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган. Расмий эсепте аны добуш бергендердин 88,6% колдогон.

Шавкат Мирзиёев быйыл сентябрдын башында мурдагы мамлекет башчы Ислам Каримов кайтыш болгондон кийин президенттин милдетин да аркалап, өкмөт башчылыкты да аткарып келаткан эле.

Маалымат агенттиктер Шавкат Мирзиёев Сенаттын 13-декабрдагы отурумунда премьер-министр кызматынан расмий кеткенин жазышты. (SE)