Австрия Түркия менен ЕБга мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотууну талап кылды

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жакында Евробиримдикти качкындардын жаңы агымы менен да коркутту.

Еврошаркетке мүчө мамлекеттер Еврокомиссиянын биримдиктин кеңейиши боюнча соңку сунуштарын макулдаша алган жок.

Брюсселде 13-декабрда өткөн жыйын Түркия, ага катар Балкан чөлкөмүнүн Евробиримдикке кошулууга талапкер мамлекеттери үчүн жаңы сунуштарды бекитиши керек эле.

Бирок, ал сунуштарды талкуулоо учурунда Австрия Түркия менен сүйлөшүүлөрдү тоңдурууну талап кылды. Расмий Вена өз турумун Анкара быйыл июлдагы аскерий төңкөрүш аракетинен кийин өлкөдө жарандык коомго кысым көргөзүп, куугунтуктап жатканы менен негиздеди.

Мунун алдында өткөн айда Европа парламенти да ушундай эле жүйө менен Түркия менен сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотуу боюнча азырынча мыйзамдык күчкө ээ эмес резолюцияны жактырган.

Дипломаттардын айтымында, жаңы сунуштарды калган 27 мамлекет кабыл алган менен бир өлкө каршы чыкканынан улам жаралган талаш Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүк мүдөөсү ишке ашуусун дагы жайлатат. (UE)