Бюллеттенди тобу менен үкөккө салган добушканадагы видео иликтенүүдө

11-декабрда өткөн шайлоо жана референдум күнү добушканалардын биринде электрондук үкөккө бюллетендерди жапырт түрдө салып жаткан видео интернетке тараган. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева анын чоо-жайы иликтенип жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Тасмада шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таандык атайын кийимчен кишилер бир топ бюллетенди үкөккө салып жатканын көрүүгө болот. Видео Жалал-Абаддагы добушканалардын биринде тартылганы кабарланган. Ошондуктан маселени алгач аймактык шайлоо комиссиясы иликтейт.

Гүлнара Журабаева аталган видеодо көчмө урнадагы бюллетендер электрондук үкөккө өткөрүлүп жатканы болушу мүмкүн деген божомолду айтууда:

- Ошол учурда бирөө видеого тартып алгандыр. Балким чын эле мыйзам бузуу менен жапырт түрдө бюллетень салынгандыр. Анын чоо-жайын азыр билбейбиз, тактап, иликтеп чыгышыбыз керек.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана референдумга добуш берүү укугуна ээ 2 миллион 800 миңден ашуун жарандын 40 пайыздан көбү катышты. Ал күнү милиция 27 мыйзам бузууну аныктады. Ошондой эле активисттер да бир катар эрежеге жатпаган аракеттер болгонун айтып чыгышты. (SE)