Омбудсмен шайлоо боюнча БШК менен өкмөткө сунуш жолдоду

Добушканалардын бири. 11-декабрь, 2016-жыл.

Омбудсмен институту 11-декабрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамды өзгөртүү референдуму боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен өкмөткө сунуш жолдоду.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, БШКга берилген сунушта аймактык шайлоо комиссия мүчөлөрүн өз милдетин так аткарууга окутуу, тизме менен иштөөнү жана шайлоо тилкесин уюштуруудагы мыйзам нормаларын үйрөтүү маселеси коюлган.

Өкмөткө жазылган катта Мамлекеттик каттоо кызматынын шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча иш-аракетин жакшыртуу, электрондук урналарды борбордук серверге туташтыруунун сапатына көңүл буруу зарылдыгы айтылгын.

Сунуштар премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жана БШК төрайымы Нуржан Шайлдабековага жөнөтүлдү.

Жекшембиде өткөн добуш берүүдө шайлоо тилкелеринде электрондук жабдууларда мүчүлүштүктөр көп кездешти. Жарандар тизмеден өзүн таппай, айрымдар шайлоого катышпай калды. (SE)