“Мекеним Кыргызстан” шайлоого 700 миң сом гана сарптады

Добушканада.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Бишкек шаардык кеңешке катышкан партиялардын ичинен “Мекеним Кыргызстан” партиясы үгүт иштерине эң аз акча короткон. Жалпысынан шайлоо фондунан 700 миң сом гана жумшалган.

Аталган партия Бишкек шаардык кеңешке шайлоодо жети пайыздык чектен ашкан беш партиянын төртүнчүсү болуп келди.

Социалдык түйүндөрдө бул партиянын жеңишин интернетте аты чыккан кыргызстандык вайнер Дончинин ийгилиги менен салыштыргандар арбыды.