Президентти сындаган ырдын автору депутат Бекешовду айыптады

Темирлан Ормуков.

Бишкектин тургуну Темирлан Ормуков социалдык тармакка жарыялаган ыры үчүн Башкы прокуратурага кайрылды деп КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешевди айыптап чыкты. Ал депутат экөөнүн ортосунда эзелтен өз ара тирешүү бар экенин "Азаттык" радиосуна билдирди:

-Интернет булактарында президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине мындан жаман ырлар жазылып, сөздөр айтылып жүрөт. Аялдын көйнөгүн кийгизип, жылаңач кылып чыгарып койгон видеолор бар. Эмнеге Дастан Бекешев алардын үстүнөн кайрылбайт? Эмне үчүн жалпы интернеттеги мындай терс маалыматтарды тыйгыла дебей, менин ырым боюнча кайрылат, - деди Ормуков.

Депутат Дастан Бекешев бул айтылгандарды куру доомат катары сыпаттап келет. Буга чейин ал Ормуков сентябрда "Фейсбукка" чыгарган “Ажонун ооруп жүрөгү” аттуу ырында президенттин беделине шек келтирген деген жүйө менен Башкы прокуратурага кайрылган. Аталган орган авторго чыгармада аймактык кастык козутуучу жана президенттин аброюна шек келтирген саптар бар деп айткан. Ырдын авторуна кылмыш иши козголо элек, тексттин филологиялык экспертизасы уланып жатканы кабарланды. (NT)