Өзбекстандын бийликтеги Либерал-демократиялык партиясы премьер-министрлик кызматка Абдулла Ариповдун талапкерлигин көрсөттү. Партия Ариповду “реформаларды жасоо үчүн жоопкерчиликти көтөрө алган” адам деп мүнөздөдү.
Маркум президент Ислам Каримовдун тушунда 13 жыл премьер-министр болуп иштеген Шавкат Мирзиёев 4-декабрда президент болуп шайланган.
55 жаштагы Арипов 2002-2012-жылдар аралыгында премьер-министрдин орун басары болуп иштеген. Каримов көз жумгандан кийин Шавкат Мирзиёев аны кайрадан өкмөт башчынын орун басары кылып дайындаган эле.