ӨКМ: тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу чоң

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-15-декабрда болчу жаан-чачынга, туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош канжолундагы ашууларда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 65-90-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 65-90-чакырымдары, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр каттамынын 75-82-чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таштын 1-4- чакырымдары, Нарын-Казарман жолунун Кара-Көө ашуусунда, Каракол-Эңилчек каттамындагы Чоң-Ашууда, Барскон-Ак-Шыйрак каттамынын Сары-Мойнок жана Сөөк ашууларында кар көчкү жүрүшү мумкүн экендигин эскертет.

Жолдор тайгак болуп, муз каптап турат. Айдоочулар кыймыл аралыгын так сакташы керек, ортодогу аралык 500 метрден узагыраак болушу зарыл. (NT)