Чолпон Жакупова 1-январда мандатын тапшырат

Чолпон Жакупова.

Парламенттеги "Бир Бол" фракциясынан депутат Чолпон Жакупова 1-январда мандатын тапшырат. Бул тууралуу эл өкүлү "Азаттык" радиосуна ырастап, жакынкы күндөрү арызын жаза турганын айтты.

Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөн кезде ага айрым саясатчылар жана депутаттар каршы чыккан. “Бир Бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова эгер референдум өтүп, Баш мыйзам өзгөрсө, мандатын тапшырарын билдирген. БШК 11-декабрда өткөн референдумда Конституцияны өзгөртүүнү шайлоого келген элдин 80 пайызга жакыны колдогонун маалымдады. (NT)