Македон шайлоосунда консерваторлор алдыда

Социал-демократтардын тарапкерлери.

Македониядагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, бийликтеги партия (VMRO-DPMNE) аз айырма менен оппозициялык Социал-демократтар партиясынан озуп чыкты. Бюллетендердин 98 пайызы саналып бүтүп, алардын жыйынтыгы менен VMRO партиясы 37,96 %, социал-демократтар 36,65% добуш алды.

Натыйжада 126 мандаттуу парламентте бир дагы партия көпчүлүккө ээ болбой калды. Бирок эки тарап тең жеңишке жеткенин жарыялашты.

Македониянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 60 пайызы добуш бергенин билдирди.