"Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" фестивалы башталды

"Курманжан Датка" тасмасы

Бүгүн Бишкектеги “Манас” кинотеатрында "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" деп аталган эл аралык VI фестиваль башталды. Аны режиссер Болот Шамшиевдин “Манасчы” аттуу тасмасы ачты. Фестиваль жыл сайын 12-декабрда - залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө башталат. Быйыл ага 14 мамлекеттин өкүлдөрү тарткан тасмалар катышууда. Иш-чаранын жүрүшүндө Молдованын фильмдери да көрсөтүлүп, мастер-класстар өткөрүлөт. Фестиваль 15-декабрда жыйынтыкталып, тасмалар “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” номинациялары боюнча сыйланат. Калыстар тобунун курамына Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Молдованын кино адистери кирген. (NT)