Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жерлери коңшуларга өтүп кетишине жол бербейт. Бул тууралуу ал бүгүн добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Коңшу өлкө менен чек арадагы талаштуу жер тилкелерине байланыштуу суроого жооп берип жатып ал:
- Албетте, мамиле өнүксүн деген тилегибиз бар. Шавкат Мирзиёевдин биринчи кабамдары коңшулар менен мамилени оңдоого багытталууда. Бирок, ачык айтайын, эч ким таарынбасын, Кыргызстандын жерлерин берүүгө эч качан бармайм, - деди.
Президент Атамбаев Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөшүп, эки тараптуу мамилени талкуулаганын айтып, эки тараптуу расмий сапарлар тууралуу азырынча так план жок экенин билдирди. (RK)