Атамбаев: КСДП менен “Республика –Ата Журт” өтөт

Алмазбек Атамбаев.

Мындай божомолун мамлекет башчы шайлоо участогунда журналисттер алдында билдирди:

-Мен КСДП менен Республика партиясы жергиликтүү кеңештерде жеңишке жетишет деп ойлойм. Бул менин божомолум. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шансы бар болчу. Бирок Текебаевдин колдоосу... алардын мүмкүнчүлүгүн төмөндөттүбү же жогорулаттыбы, айтуу кыйын.

Президент Алмазбек Атамбаев кандай партиялар жеңсе да, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштөөсү зарыл деп белгиледи.(ZKo)