Москвада нааразы болгон кыргыз мигранттарды полиция кармады

Москвада органдардын ыксыз текшерүүлөрүнө нааразы болуп бүгүн кыргыз элчилигине келген мигранттардын ичинен төрт кишини полиция кармап кетти. Бул тууралуу Орусия баш калаасындагы “Мекенчил” бирикмеси билдирди.

Кыргызстандык мигранттарга каршы мамиле катаалдашканын айткан жыйырмадай киши бүгүн элчиликке келген. Алар органдар тарабынан текшерүү күчөп, депортацияга кабылгандардын саны өсүп жатканын айтышкан. Ошондой эле кайтыш болгон мигранттардын сөөгүн мекенге жөнөтүүдө да кыйынчылыктар бар экенин, көптөн бери айрымдар айлык албай жүргөнүн белгилешкен. Алар менен консул Анвар Тохтахожаев чыгып сүйлөшүп, маселени чечүү боюнча аракеттер көрүлөрүн билдирген.

Мигранттар чогулган кезде элчиликтин жанына күч органдарынын унаалары да келген.

Буга чейин Москва мэри Сергей Собянин шаар жыйынында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн мигранттарында көйгөй бар экенин, анын ичинде кыргызстандыктар эмгек келишими жок, салыктан качып иштеп жатканын айткан. Андан соң кыргызстандыктарды текшерүү күчөгөнү кабарланган. (SE\LzT)